Кыргызча түзөтүү

/ky.m./ вилка

Белиз

Борбордук Америкадагы мамлекет. Юкатан жарым аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан. түндүк-батышынан Мексика, түштүк-батышынан Гватемала менен чектешет. Чыгышын Кариб деңизи чулгайт. Аянты 23,0 миң км2. Калкы 279,5 миң (2005). Борбору Бельмопан шаары Расмпй тили англис тили. Акча бирдиги белиз доллары. Админстративдик-аймактык жактан 6 округга бөлүнөт. БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Америка мамлекеттер уюмунун мүчөсү. Белиз унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1981-ж. 21-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик монархия. Мамлекет башчысы Улуу Британия королевасы (монарх), анын милдетин Белиз мамлекетинин жараны болгон генерал-губернатор аткарат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу Элдик чогулуш (Сенат жана Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Элдик биримдик партиясы, Бириккен демокр. партия. Аймагынын көп бөлүгүн оёң саздуу түздүк ээлейт. Түштүк-батышын Майя тоосу (бийиктиги 1122 мге чейин, Виктория чокусу) курчап жатат. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орточо температурасы 25°Сден 27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1300 ммден түшгүгүндө 4500 ммге чейин. Жеринин ¾ бөлүгүн баалуу дарактар өскөн, дайыма нымдуу тропик, түндүгүн жалбырагы күбүлмө тропик жана саванна токою ээлейт. Айрыкча өлкөнүн түштүк тарабындагы дөңсөө-тоолорун сейрек бадалдуу, жапыз өскөн тропик токою каптап жатат. Ири дарыялары: Белиз, Сибун жана Нью-Ривер (кеме жүрөт). Белизде жалпы аянты 912 миң га келген, коргоого алынган 36 аймагы бар, анын ичинен Чикубуль улуттук паркы, дүйнөдөгү жалгыз Бассейн-Кокскомб ягуарлар резерваты иштейт. Калкы негизинен белиздиктер (73,6%), орточо жыштыгы 1 км2 жерге 12,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 69,9, аялдарыныкы 73 жаш. Эли англис, ошондой эле испан тилдеринде, креоль диалектисинде да сүйлөшөт. Динге ишенгендер негизинен христиандар. Шаар калкы 47%. Ири шаары Бельмопан. Азыркы Белиз жайгашкан аймак байыртадан эле майя цивилизациясынын очокторунун бири болуп келген. Белиз 1502-ж. X. Колумб тарабынан ачылган. Борбордук Американын Испания тарабынан каратылышы менен (1509-24), Белиздин түндүгү Жаңы Испаниянын (азыркы Мексика), ал эми түштүгү Гватемаланын курамына кирген. 17 - кылымда Белизге англичандардын келиши менен алгачкы колониясы негизделип, бул аймак үчүн англичандар менен испандардын ортосундагы экономикалык тирешүүлөр башталган. 1763-ж. Париж келишими боюнча Белиз аймагында испандардын бийлиги сакталып, англичандар болсо токой чарбасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Алар токой плантацияларында негр-кулдардын эмгегин пайдаланышкан. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында англичандар испандарды акырындык менен сүрүп чыгып, 1840-ж. расмий түрдө Белизди Британ Гондурасы деген ат менен өз колониясы деп жарыялаган. 1964-ж. гана Улуу Британия Белизге ички иштерин өзү башкаруу укугун берген.

Котормолор түзөтүү